Эрдогандын билдирүүсү

Эрдоган Түркиянын учурдагы башкаруу системасы менен секирик жасоосунун мүмкүн болбой турганын айтты.

300032
Эрдогандын билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган президенттик системанын бир өлкөгө ылдамдык киргизгенин жана аны күүлөгөнүн айтты.
Эрдоган ТРТнын атайын берүүсүндө ички жана тышкы абалга байланыштуу маанилүү ачыктоолорду жасады.
Түркиянын учурдагы башкаруу системасы менен секирик жасоосунун мүмкүн болбой турганын айткан Эрдоган: «Бул энергия адамдарыбызда, ишкерлерибизде бар. Булардын баарын жасай алыш үчүн да лидерлик кылып, бул маселени ашып өтүшүбүз зарыл. Күчтүү лидерлик керек. Эркин чечим чыгарып, чечим процессин ылдамдаттуу, ырааттуулукту табуу керек»-деди.
Эрдоган президенттик сарайдагы каржылоолорго байланыштуу дооматтарга да катуу жооп кайтарды.
Бул жерде доомат кылынганы сыяктуу абдан көп каржылоолор болбогонун айткан Эрдоган, дооматтар далилденген учурунда кызматын таштай турганын, андан болбосо доомат койгон кишинин кызматын ташташы керектигин айтты.
Египеттин шайланган алгачкы президенти Мурси жөнүндөгү өлүм чечимине да токтолгон президент Эрдоган, «Биз Египетке 2 миллиард доллардык акча бөлдүк. Бирок бул каражатты Мурси колдоно алган жок мисал үчүн. Учурда булар колонуп жатышат окшойт. Сен аларга сокку ургансың... Буга «жакшы кылдың» деп айтылабы. Мурсинин башкаруусунда бир тыйын дагы бербегендер, бул окуядан кийин акча жана курал-жарак беришти. Египет сыяктуу бир өлкөнүн жогорулоосуна мүмкүнчүлүк бербеш үчүн ушул соккуну урушту. Антидемократиялык ушундай сокку урууга киришкенде Батыш дүйнөсү бул жерде толугу менен банкрот болду»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар