Эрдоган "Нью-Йорк таймс" гезитин дагы сынга алды

Эрдоган Нью-Йорк Таймсты «жер сүргүч» деп мүнөздөдү.

298784
Эрдоган "Нью-Йорк таймс" гезитин дагы сынга алды

Эрдоган «Нью-Йорк таймс» гезитинде чыккан Түркияга каршы жаңылыктарды дагы бир жолу катуу сынга алды.
Нью-Йорк таймсты «жер сүргүч» деп мүнөздөгөн Эрдоган, бул гезиттин жамандоо кампаниясын 1896-жылы Султан Абдүлхамит үчүн да жүргүзгөнүн баяндады.
Стамбулдун каратылышынын 562 жылдыгын белгилөө шаан-шөкөтүндө сөз сүйлөгөн Эрдоган: «АКШда «Нью-Йорк Таймс» деген жер сүргүч бар. Бул гезит мындан мурда да көп жолу кылганы сыяктуу, «Түркиянын үстүндө кара булут каптап турат» сыяктуу макала жарыялады. Бул гезит биз үчүн жазгандарына окшошун 1896-жылы Султан Абдүлхамит үчүн жазчу. Бул гезит ошол убакта Осмон дөөлөтүнө жана анын башында турган кишиге каршы кек сактоосун учурда Түркия Республикасы дөөлөтүнө жана аны өкүлдүк кылган мага багыттап жатат»-деди.
АКШлык гезиттин мыйзамдуудай көрүнүштөгү мыйзамсыз мамлекеттик түзүлүш болгон параллель түзүлүш менен кызматташып жатканын айткан Эрдоган, параллель түзүлүш менен күрөшүү уланып жатканын баса белгиледи.
Президент Эрдоган басма сөздө чыккан Сирия түркмөндөрүнө жардам алып барган жүк ташуучу унааларга байланыштуу терс кабарларды сындады жана Байырбужак түркмөндөрүнө жардам алып барган жүк ташуучу унааларга байланыштуу параллель түзүлүштүн тыңчылык кылганын баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар