«Аракандык мусулмандарга Түркия бардык жардамды берүүгө даяр"
Ислам Кызматташтык Уюмунун 42 - тышкы иштер министрлер жыйыны Кувейтте өткөрүлдү
Түркиядан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу катышкан жыйында кризис аймактары үчүн өнүктүрүлө ала турган чечүүчү жолдор, террор менен күрөшүү, исламофобия жана көчмөн маселелери сыяктуу бир топ аймактык темалар каралды. Жыйындын алкагында көп сандаган эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да ишке ашырган Чавушоглу аракандык мусулмандар тууралуу Түркиянын бардык жардамды берүүгө даяр экенин баса белгиледи.
Сауд Арабстан жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин Ислам Кызматташтык Уюмунун негизинде чогулууга да баа берген Чавушоглу мындай платформалардын негизинен диалог үчүн маанилүү бир мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Йемен маселесинин да бир диалог менен чечиле аларын айткан министр Чавушоглу саясий чечүүчү жолдун эң туура чечүүчү жол экенин баса белгиледи.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.