7-Кожаели китеп көргөзмөсү

Бул көргөзмө Түркиянын эң ири китеп көргөзмөлөрүнүн арасына кирди.

279550
7-Кожаели китеп көргөзмөсү

7-Кожаели китеп көргөзмөсү ачылган күндөн тарта эле чоң кызыгуу жаратты. 
350 басмакана, 42 китеп дүкөнү, 67 жарандык коомдук уюмдун катышуусунда өткөрүлгөн көргөзмөнү иш-чаранын биринчи күнүндө 69 миң 993 киши кыдырды.
Жазуучулар менен китепкөйлөрдү жолугуштурган көргөзмөдө эң көп ТРТда көрсөтүлүп жаткан Дирилиш Эртугрул сериялынын оюнчулары чоң кызыгуу жаратты.
Өткөн жылы 482 миң киши кыдырган көргөзмө Түркиянын эң ири китеп көргөзмөлөрүнүн арасына кирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар