Эрдогандын Тирана сапары

Эрдоган: «Ажырымга түшпөгүлө, мусулмандарга жасалып жаткан оюндарга алдырбагыла»-деди.

273940
Эрдогандын Тирана сапары

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен барган Албаниянын борбор калаасы Тиранада Балкан өлкөлөрүнүн эң чоң мечити Тирана Намазгах мечитинин пайдубалын түптөдү.
Эрдоган Түрк кызматташтык жана координация агенттиги-ТИКА тарабынан салынган Презе чеп мечитинин ачылышына да катышты.
Косово, Македония, Босния жана Черногориядан келгендер да орун алган аземде биримдикке чакырган Эрдоган: «Ажырымга түшпөгүлө, мусулмандарга жасалып жаткан оюндарга алдырбагыла»-деди.
Президент Эрдоган террор уюму катары мүнөздөгөн параллель түзүлүштүн Албаниядагы иш-алакарына токтолуп, буларга жол бербөөнү талап кылды.
Түрк-Албания Иш кеңешинде да сөз сүйлөгөн Эрдоган, Түркияда президенттик системасынын керектүүлүгүн баса белгилеп, ийгиликтин сырынын практикалык чечим табууда болгонун белгилеп өттү.
Бул учурда ТИКА тарабынан рестоврация кылдырылган бир мектептин ачылышына катышкан Эмине Эрдоган, Тиранада Даун синдромдуу балдар үчүн даярдалган борборго да барды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар