Ливияда кол салууга учураган кеме Фетхиеге келди

Кемеде сегизи түрк, алтоосу грузиялык, бирөөсү да азербайжандык болуп 15 кишилик экипаж болгон

273077
Ливияда кол салууга учураган кеме Фетхиеге келди

Ливия жакындарында дүйшөмбү күнү учураган кол салууда бир түрк капитаны каза болгон «Туна - 1» аттуу кургак жүк ташуучу кеме Мугланын Фетхие районуна келди. Кол салууда каза болгон үчүнчү капитан Илкер Бүйүкдеренин жаназасы үй – бүлөсүнө тапшырылды.
Кемеде прокуратура окуя болгон жерде иликтөө топтору тарабынан иликтөө жүргүздү. Кол салууда жараланган 3 кеме персонели Фетхие мамлекеттик ооруканасында дарыланды. Андан кийин кеме персонели коопсуздук директорлугунда суракка алынды.
10 - май күнү түнү Испаниядан жүктөгөн гипсокартондорду Ливиянын Тобрук шаарына алып барган «Туна - 1» аттуу кургак жүк ташуучу кемеси эл аралык сууларда абадан жана кургактыктан кол салууга учураган. Кемеде сегизи түрк, алтоосу грузиялык, бирөөсү да азербайжандык болуп 15 кишилик экипаж болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар