İSEDAKтын жыйыны башталды

Жыйынга комитеттин мүчөлөрү болгон Сауд Арабия, Палестина, Египет, Кувейт, Индонезия, Нигер, Катар, Мали, Казакстан жана Пакистан катышууда.

272876
İSEDAKтын жыйыны башталды

Ислам Кызматташтык Уюмунун Экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча туруктуу комитетинин (İSEDAK) 31-жыйыны борбор шаар Анкарада башталды.
Түркиянын өнүгүү министринин орун басары Мехмет Жейлан тарабынан ачылган жыйынга комитеттин мүчөлөрү болгон Сауд Арабия, Палестина, Египет, Кувейт, Индонезия, Нигер, Катар, Мали, Казакстан жана Пакистан катышууда.
Президент Режеп Таййип Эрдоган İSEDAKтын 31-жыйынына жиберген билдирүүсүндө Ислам өлкөлөрүндөгү кагылышууларга жана ыраатсыздык чөйрөсүнө көңүл бурду.
Эрдоган билдирүүсүндө: «Учурда İSEDAKты маанилүү платформа катары көрүп, экономикалык маселелерди чечүүгө карата аракеттерине ыраазымын»,-деди.
Эки күнгө созула турган жыйында транспорт жана байланыш тармагын чыңдоо, жакырчылык менен күрөшүү, туруктуу жана атаандашчыл туризмди өнүктүрүү, азык-түлүк коопсуздугун арттыруу сыяктуу темалар каралмакчы.
Жыйында ноябрь айында Стамбулда өткөрүлүүсү күтүлгөн İSEDAKтын Министрлер кеңешинин жыйынынын долбоор күн тартиби да түзүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар