Бүгүн энелер күнү...

Энелер күнү Түркия жана дүйнөдө ар түрдүү иш-чаралар менен майрамдалууда.

269283
Бүгүн энелер күнү...

Президент Режеп Таййип Эрдоганэнелер күнү боюнча жарыялаган билдирүүсүндө, «Мээримдүүлүк жана сүйүүнүн, ырайымдуулук жана сооротуунун булагы болгон энелерибиз, башыбыздагы таажы, эң кымбат баалулугубуз болуп саналат»-деди.
Президент Эрдоган үй-бүлө биримдигинин түзүлүшүндө, балдардын жакшы жана бактылуу чөйрөдө жетилүүсүндө эң негизги ролду милдеттенген энелердин, жашоолору менен күч кошкон балдары үчүн ар дайым баш калкалай турган ысык кучак болгонун белгиледи.
Эрдоган: «Бейиштин энелердин таманы астында болгонуна ишенген салттын мүчөлөрү болгон биз, энелерибиздин бактылуу болушу, жүздөрүнүн жылмайышы, жашоо шарттарынын дагы да жакшыртылышы үчүн алдыбыздагы процессте да чечкиндүүлүк менен иштөөбүздү улантабыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар