Түрк Кызылайынын жардамдары уланып жатат

Түрк Кызылайы согуш жана апааттардан жабыр тарткандарга жардамдарын жөнөтүүдө.

266507
Түрк Кызылайынын жардамдары уланып жатат

Түрк Кызылайынын жардамдары уланып жатат.
Түрк Кызылайы жер титирөөдөн жабыр тарткан Непалга ар түрдүү негизги муктаждыктарды жөнөтүүнү улантууда.
10 тоннадан ашуун азык-түлүк жардамы менен 100 миңдеген шише суу тараткан Кызылай, айрыкча 25 миң кишиге жете тургандай 5 миң жабуу жөнөтөт.
Бул жардамдар менен катар өлкөдө 5 миң кишилик чатыр шаарча да курулуусу пландалууда.
Түрк Кызылайы Непалга мындан мурда да ичине санитардык пункт, оорукана, ашкана курууга боло турган чоң чатырларларды жөнөткөн болчу.
Бир тараптан Сирияга жалпы 1 миллиард лиралык жардам көрсөткөн Түрк Кызылайы Ирактын түндүгүндө болсо өзгөчө түркмөндөр жана ДАИШтин кол салууларынан жабыркагандарга 900 тройлер жардам жеткирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар