Люксембург элчиси Шахинкая Анкарага чакырылды
Түркия Люксембург парламентин катуу айыптады
266626
Түркия Люксембург парламентинин 1915 - жылдагы окуяларга байланыштуу чыгарган армян дооматтарына колдоо берген чечимди абдан катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Люксембург парламентинин тарыхый чындыктарды жана укукту бурмалоо менен чыгарган туура эмес чечимин айыптайбыз жана четке кагуудабыз»,- деп айтылды.
Маалыматта Люксембург парламенти кайрылган 1948 - жылдагы БУУнун келишимин түшүнүүдөн алыс экени баса белгиленип : «Парламенттер өздөрүн эл аралык соттордун ордуна коюп, кыргын сыяктуу бир топ олуттуу кылмыш тууралуу өкүм чыгарууга аракет кыла турган болсо тарых жана укукту бузган болот»,- деп айтылды. Түркиянын Люксембургдагы элчиси Левент Шахинкая болсо сүйлөшүү үчүн Анкарага чакырылды.