Непалга Түркиянын жардамдары уланып жатат

Непалга жөнөтүлгөн жардамдар жер титирөөдөн жабыркагандарга таркатылууда.

263363
Непалга Түркиянын жардамдары уланып жатат

11 күн мурда 7,8 баллдык жер титирөөдөн жабыр тарткан Непалда акыркы көрсөткүчтөргө караганда 7 миң 500 киши каза болду.
Жер титирөөдөн зыян тарткан өлкөгө Түркиядан жардамдар жөнөтүлүп жатат.
Премьер-министрликке караштуу Апаат жана курч кырдаалды башкаруу төрагалыгы AFAD тарыбынан даярдалган 16 тонналык гуманитардык жардам жабыркагандарга таратылды.
AFAD тобу урандынын астынан 2 кишини аман куткарды, көптөгөн кишинин да сөөгү чыгарылды.
Түрк Кызылайы да Непал үчүн ишке киришти.
«Непалдын айкырыгына кулак сал!» урааны менен жүргүзүлүп жаткан акциянын алкагында аймакка 6 тонналык азык-түлүк жана 12 миң шише таза суу жеткирилди.
Саламаттык сактоо министрлиги да оор күндөрдү өткөрүп жаткан Напалдын жанында.
Министрлик атайын топ даярдады жана жер титирөө болгон аймакка доктур жөнөттү.
Улуттук медициналык куткаруучу эки топ тез жардам жана колдоо көрсөтүү үчүн Непалга барды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар