ТРТ 51 жашта

1964 - жылы курулган Түркия радио телекөрсөтүү мекемеси 51 жашта

257343
ТРТ 51 жашта


ТРТнын баш директору Шенол Гөка жана коштоосундагы делегация 51 - жыл иш чараларын Ататүрктүн мавзолейин зыярат кылуу менен баштады. ТРТ делегациясы Түркия республикасынын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн мазолейине гүл чамбар койду. Гөка андан кийин Мисак – и Милли мунарасына барып Мавзолейдин атайын дептерине кол жазмасын калтырды. Шено Гөка дептерге ТРТнын 51 жылдан бери республиканын принциптеринин негизинде Түркияга кызмат кылганын жазды жана ТРТнын келечекте дүйнөнүн эң негизги медиа мекемеси болорун белгиледи.
Президент Р. Т. Эрдоган ТРТнын түзүлүшүнө арналган куттуктоо жарыялады. Президент Эрдоган ТРТнын курулушунан бери ишенимдүү, туура, тарапсыз жана калктын талабына жооп берген медиа түшүнүгү менен маанилүү роль ойногонун айтты. Эрдоган иш алып баруу тармагын кеңейткан ТРТнын бүгүн да жаңы каналдары менен, көп тилдүү берүүлөрү менен радио жана телекөрсөтүүлөрү менен жол башчы мекеме болгонун белгиледи.
Премьер – министр Ахмет Давутоглу да куттуктоосунда ТРТнын улуттук баалуулуктарыбыздан жана орток жоопкерчиликтерибизден жол бербестен принциптүү жана сапаттуу берүү жана уктуруу аң – сезимин көптөгөн жылдардан бери улантып келе жатканын белгиледи. Давутоглу : «ТРТ курулганынан бери баары сүйгөн, ишенимдүүлүк менен көргөн жана эл аралык тармакта сыймыктандырган берүүлөргө кол коюп өлкөбүздүн маркасы болду»,- деди.
Вице – премьер Ялчын Акдоган да жарыялаган куттуктоосунда ТРТнын радио жана телекөрсөтүүдө дайыма жол башчы ролун ойногонун жана үлгү болгонун белгилеп : «Мектеп миссиясын ортого салган ТРТ бүгүн да бардык каналдардын ичинде сапаттуулугун көрсөтүүдө»,- деди. Акдоган жаңы мезгилде англис тилиндеги каналы менен бирге ТРТнын Түркиянын кабарларын дүйнөнүн төрт тарабына жайылтарын белгиледи.
ТРТнын баш директору Шенол Гөка да куттуктоосунда ТРТнын ишенимдүү кабарлардын адреси, маданий турмуштун эң чөк колдоочусу экенин белгиледи. Телекөрсөтүү жана радио каналдары жаңы медиа кызматтары жана баалуулуктары менен ТРТнын бүгүн дүйнөнүн эң чоң медиа мекемелеринин арасына киргенин баса белгилеген Гөка ТРТнын жарым кылымды ашкан тажрыйбасы менен медиа иш чараларынын мектеби экенин, Түркия жана дүйнөдө бир топ медиа мекемелерине жол башчы жана үлгү болууну улантарын айтты. Шенол Гөка ТРТнын принциптүү медиа түшүнүгүн; кечээ жана бүгүн болгондой эртең да улантууда чечкиндүү экенин белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар