Өздөрүнө жараша чечим чыгарышууда

Акдоган: «Эч ким Түркияга кожоюндук кыла албайт, төбөдөн карай албайт»-деп айтты.

250750
Өздөрүнө жараша чечим чыгарышууда

Вице-премьер Ялчын Акдоган 1915-жылдагы окуяларга байланыштуу Европа Парламенти жана айрым өлкөлөрдүн парламенттеринде чыгарылган чечимдерге катуу каршылык көрсөттү.
Акдоган Анкарада партиясынын Алтындаг жана Йенимахалле райондук кеңешүү кеңешинин жыйналыштарында сүйлөгөн сөзүндө, «Бирилери чогулуп алып өзүң бышырып өзүң же дегендей өздөрүнө жараша чечим чыгарышууда. Эч бирисинин баасы-баркы жок, өздөрүнө өздөрү кылып жатышат»-деди.
Акдоган бул токтомдорду чыгарган өлкөлөр жана Европа Парламентинин Сириядагы кыргындарга үн катпай калганына көңүл буруп: «Сирияда жүз миңдеген адам кыргынга учуратылганда кайда элең, ага каршы кайсы токтомду чыгардың. Ал жерде адамдардын өлүшүнө үн катпайсын да бул жерде Түркияга кожоюндук кылып коесун. Эч ким Түркияга кожоюндук кыла албайт, төбөдөн карай албайт»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар