Эрдогандын чакыруусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган армян дооматтарына колдоо көрсөткөн өлкөлөрдү алгач өз тарыхтарындагы кара тактарды тазалоого чакырды.

250569
Эрдогандын чакыруусу


Эрдоган Стамбулда Эркин өнөр жайчылар жана ишкерлер коомунун (MÜSİAD) Жалпы кеңешинин 23-кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Биз дүйнөгө тынчтык билдирүүсүн айтуу үчүн аракет кылып жатканда арасында Орусия, Франция, Германия, Австрия сыяктуу мамлекеттер да орун алган айрым өлкөлөр жалган армян дооматтарына колдоо көрсөтүп, жек көрүүчүлүк менен душмандыкты көкүтүп жатышат»,- деди.
Бул тема боюнча эң акыркы сөздү айта турчу өлкөлөрдүн бири Германия экенин белгилеген Эрдоган, бул өлкөнүн өткөн кылымда себепчи болгон эки башка дүйнөлүк согушта эмнелер болгону белгилүү экенин айтты.
Түркиянын аскердик архиви менен катар бардык архивдерин ачууга даяр экенин кайталаган президент Эрдоган: «Армения архиви бар болсо ал да ачсын. Үчүнчү өлкөлөрдө бар болсо алар да ачсын. Муну тарыхчылар, изилдөөчүлөр изилдесин. Бардык изилдөөлөрүн даярдап биздин алдыбызга алып келишсин. Биз бетме-бет келүүгө даярбыз»,- деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар