Түркияда 2014 - жылдагы китеп статистикасы
Түркияда 2014 - жылы 44 миң 613 китеп басылып чыкты
244121
Түркия статистикалык мекемеси өткөн жылга байланыштуу эл аралык стандарт китеп номери (ISBN) статистикаларын билдирди. Ушуга караганда өткөн жылы басылып чыккан материалдардын саны мурунку жылга караганда 7, 2 пайызга артып, 50 миң 752ге чыкты. Эң жогорку артуу 128 пайыз менен электрондук китептерде болду.
Өткөн жылы басмаканалар тарабынан 44 миң 613 китеп, 483 электрондук китеп, 5 миң 245 web электрондук китеп, 193 сүйлөгөн китеп, 16 карта жана 202 башка материалдар болуу менен жалпы 50 миң 752 материал үчүн ISBN алынды. Материалдардын 91, 7 пайызы түркчө, 4, 9 пайызы англис тилинде, 3, 4 пайызы болсо башка тилдерде басылып чыкты.