Чанаккале жеңишинин жүз жылдыгы
«Сен шейиттин үнүн уктуңбу»
Чанаккале шейиттери эстелигинин көрүнүшү жана «Сен шейиттин үнүн уктуңбу» деген суроо менен башталган көрүнүштөрдө Чанаккале согушуна катышкан фронттогу аскерлердин үндөрүнө орун берилди. Таанытуу ролигинде эртең менен таң заарда бир аскер тарабынан окулган азан жана Чанаккале кысыгында согуштук кемелердин көрүнүштөрүнөн кийин президент Р. Т. Эрдогандын үнү угулат.
Эрдоган таанытуу ролиги үчүн Ариф Асянын «Дуба» ырын окуду. Президент Эрдоган окуган ыр фронт көрүнүштөрүнүн арасында берилди. Мехметчиктин мекенди коргоо үчүн берген күрөш да сахнага чыккан көрүнүштөрдө аскерлердин фронтто бирге окуган намаз да берилди.
Таанытуу ролигинде ырдын соңуна чыгуусу менен шейит мазарына гүл таштаган жана дуба кылган президент Эрдогандын көрүнүшү берилди.
Түрк байрагы жана Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн фотографиясы да көрсөтүлгөн таанытуу ролиги : «Жүз жылдык дастан. Чанаккале жеңишинин 100 - жылында шейит жана ветерандарды эскеребиз»,- деген сөздөр жана президенттик желектин көрүнүшү менен аяктады.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.