Чавушоглу папага каршы чыкты

Мевлүт Чавушоглу 1915 - жылдагы окуяларына байланыштуу эч бир сот же БУУнун чечиминин жок экенин эске салды

235828
Чавушоглу папага каршы чыкты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 1915 - жылдагы окуяларына байланыштуу эч бир сот же БУУнун чечиминин жок экенин эске салуу менен : « Ушуга карабастан папа абдан чоң кыйынчылык болгон 1915 - жылдагы окуяларга геноцид деп айта алды»,- деди. Мевлүт Чавушоглу партиясынын Антальядагы уюмун зыярат кылды. Чавушоглу бул жерде жасаган билдирүүсүндө : «Баарынын көз алдында болгон Хожалыда армяндар өлтүргөн азербайжандыктарды эмнеге эскербейсиңер? Ырас кыйынчылыктарды эскересиңер да аны эмнеге эскербейсиңер? Руандада болгон окуялар тууралуу сот чечиминин бар экенине карабастан эмнеге геноцид дебейсиңер?»,- деди.
Чавушоглу папанын баш – аламан, толугу менен диний улутчулдукту, лобби жана пропагандалардын таасири менен жасаган билдирүүлөрдүн папалык мекемеси жана жеке кадыр – баркын да тебелегенин баса белгиледи. Тышкы иштер министри бул билдирүүлөрдүн Түркия үчүн маанисинин жок экенин да сөздөрүнө кошту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар