Бабажан чоң жыйырмалардын жыйынына жетекчилик кылат

Бабажан 15 - апрелде АКШга барат

235510
Бабажан чоң жыйырмалардын жыйынына жетекчилик кылат

Вице – премьер Али Бабажан 16 – 17 - апрелде Вашингтондо боло турган экинчи чоң жыйырмалардын министрлер жана Борбордук банкынын төрагаларынын жыйынына жетекчилик кылат. Сөзү болгон жыйынга ИМФ, Дүйнө банкы, БУУ, Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму ОЕСД, Финансылык ырааттуулук мекемеси жана Эл аралык төлөмдөр банкынын жогорку мартабалуу өкүлдөрү да катышат.
Жыйында өткөрүлө турган отурумдарда глобалдык экономика, өсүү алкагы, эл аралык финансылык курулуш, инвестиция - базис, финансылык түзөтүүлөр жана салык темалары каралат. БУУда өткөрүлө турган жогорку деңгээлдеги тематикалык жыйындарда сөз сүйлөй турган Бабажан ушунун негизинде 15 - апрелде АКШга барат.
Вице - премьер бир жумага жакын боло турган бул өлкөдө кээ бир министрлер, борбордук банктын төргалары жана эл аралык мекемелердин башкаруучулары менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар