Эрдоган Казакстанга барат

Президент Режеп Таййип Эрдоган Казакстанга расмий сапар менен барат.

235132
Эрдоган Казакстанга барат

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу боюнча президент Режеп Таййип Эрдоган 15-17-апрель күндөрүнүн арасында Казакстанга расмий сапар менен барат.
Сапарда Эрдоган жана Назарбаевдин тең төрагалыгында Түркия-Казакстан Жогорку страстегиялык кызматташтык кеңешинин экинчи жыйыны өткөрүлөт.
Жыйналышка эки өлкөдөн тийиштүү министрлер да катышат. Жыйналышта күн тартиптеги эки тараптуу жана аймактык темалар менен катар Казастан менен стратегиялык өнөктөштүк деңгээлиндеги карым-катнаштар да каралат.
Президент Эрдоган айрыкча Астанада Түрк-Казак Ишкердик форумуна да катышат.
Астана сапарынан кийин президент Эрдоган Түркстанга өтөт жана дин иштери башкармалыгы тарабынан курулган «Хожа Ахмед Ясави» атындагы мечит жана комплексинин ачылышын жасайт.
Президент Эрдоганга «Ахмед Ясави» атындагы университет тарабынан ардактуу доктордук наамы ыйгарылат. Эрдоган аймакта ахыска түрктөрү жайгашкан маалага да барат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар