Парижде ЮНЕСКО жыйыны өттү

Стамбулдун ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк мурас тизмесине катталуусунун да 30 жылдыгы

232582
Парижде ЮНЕСКО жыйыны өттү

ЮНЕСКО Франциянын борбор шаары Париждеги борборунда «Мега шаарларда маданий мурастын коргоого алынуусу жана шаардык өнүгүү» жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга Кадир Топбаш менен бирге ЮНЕСКОнун генералдык директору Ирина Бокова, Париж элчиси Хаккы Акил, Түркиянын ЮНЕСКОнун негизиндеги туруктуу өкүлү элчи Хүсейин Авни Ботсалы жана көп сандаган конок катышты.
Топбаш : «30 жылдан бери дүйнөлүк мурас тизмесиндебиз. Бул процессте албетте жаңылыштыктарыбыз болду. Бирок ар бир жаңылыштыгыбызда жаңы бир нерсе үйрөндүк. Аткара турган көп ишибиз бар экенин билебиз. Чечкиндүү түрдө кемчиликтерибизди жоюга аракет кылуудабыз»,- деди. 2015 - жылы ушул эле учурда Стамбулдун ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк мурас тизмесине катталуусунун да 30 жылдыгы. Жыйындын акырында Стамбул мэриясы Кент оркестры жана Лос Пашарос Сеферадис музыка тобу «Стамбулдун үндөрү» аттуу концерт берди. Концертте мистика музыкасынан үлгүлөр берилип, семазен бийи аткарылды. Концерттен кийин 50 фотографиядан турган «Стамбулдун фотографиялары» аттуу фотография көргөзмөсүнүн ачылышы болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар