Эрдоган-Павлопулос сүйлөшүүсү

Президент Эрдоган Грециянын президенти Прокопис Павлопулос менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшүү өткөрдү.

232603
Эрдоган-Павлопулос сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Грециянын президенти Прокопис Павлопулос менен телефон аркылуу байланышып сүйлөшүү өткөрдү.
Президенттик маалымат борборунан алынган маалыматка ылайык Эрдоган, грек кесиптеши менен болгон сүйлөшүүсүндө Түркия жана Грециянын элдеринин өнүгүүсү үчүн экономикалык жана соода-сатык карым-катнаштары менен инфраструктураларынын дагы да өнүктүрүлүшүнүн маанилүү болгонун баса белгиледи.
Ошол эле булактар ар бир эки лидердин өлкөлөр арасындагы маселелерди диалог жолу менен чечүү, карым-катнаштарга ылдамдык киргизүү темасындагы чечкиндүүлүктөрүн сөз кылгандарын да белгиледи.
Президент Эрдоган Павлопулосту эң кыска убакта Түркияда тосуп алгысы келгенин сөз кылды.
Эрдоган пасха жөрөлгөсү себебинен куттуктоосун билдирген кесиптешине рум тилинде «Кало Пасха» (Пасхаңыз кут болсун) деди.
Грециянын президенти Павлопулос болсо ишемби күнү Фенербахче командасына карай болгон кол салуу боюнча президент Эрдоганга жылуу сөз айтып жооткотту.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар