Баш калкалоочулар үчүн Кызылай азык - түлүк карточкасы

250 миң сириялык баш калкалоочуга «Кызылай азык – түлүк карточкасы»

232538
Баш калкалоочулар үчүн Кызылай азык - түлүк карточкасы

Түрк Кызылайынын төрагасы Ахмет Лүтфи Акар БУУнун Дүйнөлүк азык – түлүк программасы менен кызматташтык ичинде баштатылган Кызылай азык – түлүк карточкасынан сириялык 250 миң баш калкалоочунун пайдаланганын айтты. Акар бир жардам карточкасы болгон Кызылай азык – түлүк карточкасынын эң чоң өзгөчөлүгүнүн адам сыймыгын коргоо экенин айтты. Азык – түлүк карточкасына Түрк Кызылайы тарабынан белгилүү мезгилдер менен акча салыганын белгилеген Акар карточканы колдонгон кишилердин кандайдыр бир маркеттен соода кыла аларын билдирди. Анадолунун ар түрдүү жерлеринде бул карточканы жайылтууга аракет кылышканын баса белгилеген Акар алгачкы ишке ашырууну БУУнун Дүйнөлүк азык – түлүк программасы менен сириялык баш калкалоочулар жашаган лагерлерде башташканын айтты. Акар : «Түркияда лагерь тышында бир миллион 750 миң сириялык, ирактык же башка өлкөлөрдөн кишилер жашап жатат. Бул кишилер конок катары Түркияда жашап жатышат. Бул кишилерге карата да Кылызай азык – түлүк карточкасына өтүүнү каалайбыз. Буга байланыштуу иштерибиз улантылууда»,- деди. Кызылай азык – түлүк карточкасы Түркияда ыктымалдуу бир кырсыкта да колдоно алышарын белгилеген Акар : «Кутуларды ташуу же каптарды ташуунун ордуна бул карточкалар менен таркатабыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар