АКШдан Түркияга сапар

Энн Ричард бүгүн Түркияга келет

224226
АКШдан Түркияга сапар

АКШнын тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси Энн Ричард бүгүн Түркияга келет. Тышкы иштер министрлигинин калктын саны, качкындар жана миграциядан жооптуу кеңешчиси Ричард Анкара жана Стамбулда жолугушууларды өткөрөт. Ричарддын Анкарадагы жолугушууларында өкмөт жетекчилери жана эл аралык мекемелер менен жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү менен Сириядагы адамзаттык абалга баа берүүсү күтүлүүдө. Жолугушууларда Түркиянын Сирия жана башка өлкөлөрдөн кабыл алган качкындарга бериле турган жардамдар сөз болот. Ричард Стамбулда болсо сириялык качкындар тууралуу тегерек стол жыйынына катышат. Энн Ричард Түркиядагы жолугушууларынан кийин 17 миңден ашуун качкын болгон Иорданиядагы Азрак качкын лагерине барат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар