Түрк прокуроруна кол салуу

Прокурор Мехмет Селим Кираз жаткырылган ооруканада шейит болду

291002
Түрк прокуроруна кол салуу

Стамбулда адилеттик сарайындагы барымтага алуу окуясы террор менен күрөшүү жана атайын кыймыл полицияларынын кийлигишүүсү менен аяктады. Мыйзам тышы уюмдун мүчөлөрү тарабынан кечээ барымтага алынган жана жараланган прокурор Мехмет Селим Кираз жаткырылган ооруканада шейит болду. Окуяны чыгарган 2 террорист да каза болду.
Расмий сапар менен Румынияга барган президент Р. Т. Эрдоган барымтага алуу окуясын жана жүргүзүлгөн операцияны жакындан иликтеди. Премьер – министр Давутоглунан маалымат алган президент Эрдоган прокурор Мехмет Селим Кираздын башына үч, денесине да 2 ок атылганын билдирди. Прокурордун бөлмөсүнөн курал үндөрүнүн чыгуусу менен полициянын операция баштаганына көңүлдөрдү бурган президент кол салуу тууралуу : «Абдан маанилүү сабак боло турган окуя»,- деди. Премьер – министр Ахмет Давутоглу болсо прокурор Мехмет Селим Кираздын шейит болушу менен бүткөн кол салуунун жана жүргүзүлгөн операция тууралуу кенен маалымат берди.
Кол салууну түрк сотуна, демократиясына жана бардык жарандарга карата кол салуу катары көрүшкөндөрүн айткан премьер – министр коомчулукту тынчтыкка жана кол салуучуларга карата биримдиктүү болууга чакырды. Киразды шейит кылган террористтердин аттарын да билдирген Давутоглу террористтердин адилеттик сарайына адвокаттык кийими менен киргенин белгиледи. Премьер – министр 6 саат боюнча эң эффективдүү методдордун колдонулганын, террористтерди көндүрүү аракеттери жүрүп жатканда курал үндөрүнүн чыгуусу менен операциянын баштатылганына көңүлдөрдү бурду.
Давутоглу мындан кийин адилеттик сарайларында коопсуздук чараларынын дагы да күчтөндүрүлүүсү үчүн кадам таштай турганын да билдирди.
Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек да көңүл айтып кол салууну катуу айыптады. Чичек : «Бул адамзатка каршы жасалган кылмыш. Бул кылмышты кылгандар эч качан адам боло албайт»,- деди. Вице – премьер Ялчын Акдоган да расмий tweeter эсебинен жарыялаган кабарында «Аткаруучулары, максаттары эмне болсо болсун террордун бардык түрүнө наалат айтабыз»,- деди. Юстиция министри Кенан Ипек да шейит болгон прокурор Мехмет Селим Кираз жаткырылган ооруканага барып үй – бүлөсүнө көңүл айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар