Президент Украинада жолугушууларды өткөрдү

Президент Украинага мекендеринен чыгарылган кишилер үчүн 10 миллион доллар багыш берилерин да белгиледи

274522
Президент Украинада жолугушууларды өткөрдү

Президент Эрдоган Украинада жолугушууларды өткөрдү. Президент Р. Т. Эрдоган Украинанын президенти Порошенко тарабынан расмий салтанат менен тосулуп алынды. Президенттер эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин Түркия жана Украинанын ортосунда төртүнчү жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин жыйынына катышты. Жыйындан кийин Түркия менен Украинанын ортосунда түрдүү келишимдерге кол коюлду. Кол коюу аземинен кийин өткөрүлгөн биргелешкен пресс – жыйында берилген суроолорго жооп берген Эрдоган бул жерде болуп жаткан маселелердин эл аралык укук жана Украинанын жеринин бүтүндүгүнүн алкагында чечилүүсүн каалады. Эрдоган : «Украина менен кризис сөзүнүн бул жерде бирдикте сөз болушу биздин капалантууда. Эң чоң каалоом кыйын мезгилден эртерээк ашып өтүү менен өлкөнүн бардык жеринде тынчтык жана бейкуттук келсин»,- деди.
Президент Эрдоган Минск макулдашуусун ачылган мүмкүнчүлүк деп баа берип, АКШнын Сирия тууралуу туруктуу мамиле кылбаганын айтты. Эрдоган : «ЦРУнун төрагасынын сөзү менен Керринин айткандарында дал келбестиктин бар. Өткөн жумаларда күн тартибине келди, андан киийн Керринин офисинен жалганга чыгарылганын көрдүк. Асаддын башында турган Сириянын тынчтыкка, бейкуттукка жетишүүсү мүмкүн эмес. АКШ башкаруусунун мекемелеринин мындай канкордун артынды турушун ойлобоймун»,- деди. Крымдагы татар түрктөрүнүн маселелерине да токтолгон президент Эрдоган : «Боордошторубуздун маселелерин эл аралык жана эки тараптуу жолугушууларда күн тартибине алып келүүнү улантабыз»,- деди. Президент Р. Т. Эрдоган түрк агымы проектисинин Орусия тарабынан Түркияга сунуш кылынганын да айтты. Порошенко да Түркия менен кызмтаташтыкка маани беришкендерин белгилеп : «Эки өлкө жана эл аралык тармакта биргелеше кадам таштоого чечим чыгардык»,- деди. Президент Украинага мекендеринен чыгарылган кишилер үчүн 10 миллион доллар багыш берилерин да белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар