Англичан кызарды издеген үй-бүлөлөр Түркияга келет

Үй-бүлөлөр акыркы үмүт катары баалашкан президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушууну каалашууда.

271723
Англичан кызарды издеген үй-бүлөлөр Түркияга келет

Террор уюму ДЕАШка кошулуу үчүн Түркия аркылуу Сирияга өткөн үч англичан кыздын үй-бүлөлөрү Түркияга келе жатат.
Үй-бүлөлөр акыркы үмүт катары баалашкан президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушууну каалашууда.
3 лицей окуучусу; 15 жаштагы Амира жана Шамима менен 16 жаштагы Кадиза 17-февралда Лондондон Стамбулга келишти, андан соң жашыруун жолдор менен Сирияга өтүп ДЕАШтын катарына кошулду.
Ошондон бери кыздарынан кабар ала албаган үй-бүлөлөр алгач ирет ТРТга маалымат беришти.
Кыздарына жетиш үчүн эң чоң үмүттөрүнүн Түркия экенин белгилеген үй-бүлөлөр, кыздарын табыш үчүн президент Режеп Таййип Эрдогандан жардам сурашты.
Үй-бүлөлөр кыздарын тапканга чейин аракеттери улана турганын айтышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар