Давутоглу Брокту кабыл алды

Давутоглу делегацияга Түркиядагы абалды түшүндүрүп өттү.

270445
Давутоглу Брокту кабыл алды

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Европа Парламентинин тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Элмар Брок жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.
Жолугушууга вице-премьер Ялчын Акдоган жана ЕБ боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр да катышты.
Премьер-министр Давутоглу делегацияга чечүүчү жол процессиндеги акыркы абал туурасында маалымат берди, террор уюму ПККга курал таштоо чакырыгы салынышы менен бирге процессте келип жеткен жердин маанисин эске салды. Өкмөт башчы процесстин Түркиянын ЕБ менен сүйлөшүүлөрүнө да оң таасир бере турганына көңүл бурду.
Жолугушууда делегация Давутоглуна: «Кипр маселесинин чечилиши үчүн Түрк аскеринин Аралдан кетиши биринчи кадам болобу?»-деген суроо узатты.
Аннан планын эске салган өкмөт башчы болсо, делегацияга: «План убагында кабыл алынганда, азыр булар сүйлөшүлмөк эмес. Кипрдык түрктөрдүн геттолордо жашоосуна экинчи уруксат бербейбиз»-деген жоопту берди.
Жолугушууда Түркиядагы баш калкалоочулар да сөз кылынды.
Европа Парламентинин тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Элмар Брок, сириялык 2 миллион баш калкалоочуга каалгасын ачкан Түркияга ыраазычылыгын билдирди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар