Венгриянын президенти Янош Адер Анкарада жолугушууларды өткөрдү

Янош Адер оболу премьер - министр Ахмет Давутоглу менен жолугушту

261926
Венгриянын президенти Янош Адер Анкарада жолугушууларды өткөрдү

 Венгер президент кечээ биринчи болуп премьер – министр Ахмет Давутоглун кабыл алып андан кийин Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Жемил Чичек менен жолугушту.
Янош Адер акыркы болуп президенттик сарайына барды. Адер бул жерде президент Р. Т. Эрдоган тарабынан расмий салтанат менен тосулуп алынды. Жекеме – жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин эки өлкөнүн ортосунда келишимдерге кол коюлду.
Президент Эрдоган кол коюу аземинен кийин өткөргөн биргелешкен пресс – жыйында Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк сүйлөшүүлөрүндө азыркы учурда акча тууралуу темаларды камтыган 17 - теманын сүйлөшүлгөнүн белгилеп : «Латвиянын кезектешкен башкаруучулугунда мунун чыгарылуусун каалайбыз. Бул тууралуу Венгриянын колдоосуна да маани бергенибизди баса белгилегим келет»,- деди. Венгриянын президенти Адер да өлкөсүнүн ушул кезге чейин Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүк процессине колдоо бергенин билдирип мындан кийин да бул колдоону улантыларын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар