Волкан Бозкыр Павел Кафка менен жолугушту

Жолугушууда Жан Клод Юнкерден келген ЕБ армиясы сунушуна баа берди

258142
Волкан Бозкыр Павел Кафка менен жолугушту

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Европа Биримдигинин коопсуздугу үчүн армиянын курулушу боюнча сунушка баа берди. Чех республиксынын элчиси Павел Кафка менен жолугушкан Бозкыр Европа Биримдиги комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкерден келген ЕБ армиясы сунушуна баа берип : «Армия болбостон супер күч болуу мүмкүн эмес. 60 миң кишилик Европа армиясынын ушунча убакыттан бери бириктириле албашынан улам Европа Биримдиги азыр да жумшак күч болуу өзгөчөлүгүн көрсөтүүдө. Бирок супер күч сыяктуу мамиле кылууда»,- деди. Бозкыр : «Түркия мүчө болгондо бул 60 миң кишилик армияны Түркия түзмөк. Түркия жана ЕБ карым – катнаштарында маанилүү салым кошо турган тармактардын бирөөсү да ушул тармак»,- деди.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар