Президент айыл өкмөттөрүн кабыл алды

Түркиянын Президенттик күллийесинде аялдарга зомбулукка бөгөт болуучу бөлүм ачылат.

257645
Президент айыл өкмөттөрүн кабыл алды

Президент Режеп Таййип Эрдоган президенттик күллийесинде (комплексинде) айыл өкмөттөрүн төртүнчү жолу тосуп алды.
Өз сөзүндө дагы бир жолу президенттик системасы жана жаңы конституцияны баса белгилеген Эрдоган: «Түркия орчундуу мезгилден өтүүдө»-деп айтып, жаңылануу муктаждыгын баса белгиледи.
Эрдоган: «Жаңы Түркия, жаңы конституция жана президенттик системанын артында улутубуздун каалоосу,эрки жана колдоосу бар»-деди.
Жыйналышта президент Эрдогандын жубайы Эмине Эрдоган менен бирге айымдар күнүнө карата берген билдирүүсүнүн кыскача тасмасы эки жолу көрсөтүлдү.
Президент айыл өкмөттөрүнө, «Маалаңызда зомбулукка учураган аялдарга колдоо көрсөткүлө» деген чакырык таштап, президенттикте да аялдарга зомбулукка бөгөт болууга жана таштала турган кадамдарды байкоого карай бөлүм түзүлө турганы жарыяланды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар