Чавушоглу кесиптеши  Жорж-Велья менен пресс – жыйын өткөрдү

Мевлүт Чавушоглунун Мальтадагы акыркы аялдамасы түрк шейиттиги болду

258158
Чавушоглу кесиптеши  Жорж-Велья менен пресс – жыйын өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Малтада жолугушууларды өткөрдү. Түркия тарыхында Мальтага биринчи жолу тышкы иштер министрлик сапарын жасаган Чавушоглу кесиптеши Жорж-Велья менен өткөргөн биргелешкен пресс – жыйында күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди. Чавушоглу Улуттук чалгындоо уюмунун кеңешчиси Хакан Фидандын кызматына кайтып келүүсүнүн параллель түзүлүштүн тышында баарын ыраазы кылган чечим экенине көңүлдөрдү бурду. Чавушоглу андан кийин Мальтанын премьер – министри Жозеф Мускат менен жолугушту, Ливияда болгон абалдар тууралуу кенен пикир алышууларда болушту. Мевлүт Чавушоглунун Мальтадагы акыркы аялдамасы түрк шейиттиги болду. Түрк шейиттигинде 1565 – жылы осмондук курчоосунда шейит болгон аскерлер жана Биринчи дүйнөлүк согушунда шейит болгон аскерлер жатат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар