Түркияда Министрлер кеңеши чогулат

Министрлер кеңешинин жыйынын президент Эрдоган экинчи ирет башкарат.

254793
Түркияда Министрлер кеңеши чогулат

Президент Эрдоган экинчи жолу Министрлер кеңешине жетекчилик кылмакчы.
Министрлер кеңеши Президенттик сарайда чогулат.
Кеңеште ички коопсуздук пакети, валюта курсундагы кыймылдуулук, террордун соңуна чыгарылышы үчүн жүргүзүлгөн чечүүчү жол процесси, аялдардын маселелелери жана Сирия-Ирак чек арасындагы абал каралат.
Президент Режеп Таййип Эрдоган президент болуп шайлангандан кийин Конституциянын өзүнө берген укугун колдонуп Министрлер кеңешине алгач ирет 19-январда жетекчилик кылган.
Шайлоодон улам мыйзамга ылайык кызматтарынан кеткен Эфкан Ала, Лүтфү Элван жана Бекир Боздаг Министрлер кеңешинин жыйынында орун албайт.
Ички иштер министри Себахаттин Өзтүрк, транстпорт, деңизчилик жана байланыш министри Феридун Билгин жана адилет министри Кенан Ипек, министр сыпаты менен алгач ирет жыйынга катышат.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар