Чавушоглу Мальтага барат
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 9 – 10 – мартта Мальтага барат
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Чавушоглунун Мальтанын тышкы иштер министри Джордж-Вельянын чакыруусу менен жасай турган сапардын тышкы иштер министри деңгээлинде Мальтага жасалган алгачкы сапар болору белгиленди. Маалыматта : «Чавушоглунун Мальтанын тышкы иштер министри Джордж-Велья менен өткөрө турган жолугушуулар менен бирге Мальтанын премьер – министри Жозеф Мускат менен да жолугушат. Сапардын негизинде өткөрүлө турган жолугушууларда Түркия – Мальта эки тараптуу карым – катнаштар башта болуу менен актуалдуу аймактык жана эл аралык темалар кенен түрдө каралат»,- деп айтылды. Маалыматта сапардын Мальта жана Түркиянын ортосундагы кызмтаташтыктын тереңдетилүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөөрү айтылды.
Тектеш кабарлар
Министр Фахреттин Кожа Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын сессиясына катышат
Быйылкы сессияда Газадагы саламаттыкты сактоо абалы сыяктуу маанилүү темалар талкууланат.