Министрликте кызмат алмашуу
Министр кеңешчилери министрлик кызматын аткарышат
Премьер – министр Ахмет Давутоглу Португалия жана АКШ саякаттарынан мурда пресс – жыйын өткөрдү. Давутоглу 7 - июнда боло турган жалпы шайлоодон мурда мыйзамдуу мажбурдуулуктан улам 3 министрдин кызматынан кетерин айтты.
Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Лүтфи Элван, ички иштер министри Эфкан Ала жана юстиция министри Бекир Боздагдын ордуна министрлик кеңешчилери шайлоого чейин кызматтарын аткарат. Давутоглу президент Эрдоган менен макулдашуунун акырында үч министрликке да азырынча министрлик кеңешчилеринин министрлик кызматын аткарышарына чечим чыгарылганын айтты. Ушуга караганда юстиция министрлигине Кенан Ипек, ички иштер министрлигине Себахаттин Өзтүрк, транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлигине Феридун Билгин 6 - мартта кызматын баштайт.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Африка Биримдиги Уюмун куттуктады
Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиадан куттуктоо жарыялады.
Эмине Эрдоган Африка күнү менен куттуктады
Биринчи айым Эмине Эрдоган сациалдык медиа эсебинен билдирүү жарыялады.