Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедов Түркияга келет
Эрдоган жана Бердимухаммедов Стамбулда Түркмөнстан эл аралык инвестиция форумунун ачылышына катышат
Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухаммедов президент Р. Т. Эрдогандын чакыруусу менен 3- 4 - март күндөрү Түркияга келет.
Эрдоган жана Бердимухаммедов Анкарада өткөрө турган жемеке – жеке жана делегациялар аралык жолугушуулар менен Стамбулда да Түркмөнстан эл аралык инвестиция форумунун ачылышына катышат.
Президенттик басма сөз борборунан жасалган жазуу түрүндөгү маалыматта : «Сапар учурунда өткөрүлө турган сүйлөшүүлөр дос жана бир тууган эки өлкөнүн арасындагы карым – катнаштардын орток күн тартибинде орун алган темалардын каралуусуна, айрыкча аймактык жана эл аралык абалдар тууралуу пикир алышууларда болушуна мүмкүнчүлүк түзөт. Сөзү болгон сапардын атайын жана өзгөчө карым – катнаштарда болгон Түркмөнстан менен көп кырдуу кызматташтыгыбыздын күчтөндүрүлүшүнө салымын кошуусу күтүлүүдө»,- деп айтылды.