Ооганстандагы кол салууда түрк жараны каза тапты

Ооганстанда Түркиянын Кабулдагы элчилик унаасы бутага алынды.

238306
Ооганстандагы кол салууда түрк жараны каза тапты

Ооганстандын борбор калаасы Кабулда Түркиянын элчилигин бутага алган бомбалуу кол салуу болду.
Кол салууда Түрк куралдуу күчтөрүнүн мүчөсү бир кызматкер каза болуп, бирөө жаракат алды.
Эртең менен Түркия, Германия жана Ирандын элчиликтери орун алган аймакта болгон кол салууда, Түркиянын Кабулдагы элчисин алганы барган элчилик унаасы бутага алынды.
Башкы штаб жана тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында кол салуунун НАТОнун Ооганстандагы дасыккан жарандык өкүлү жана элчи Исмаил Арамазга бөлүнгөн сакчы командасынын унаасын бутага алганы, жарылууда унаадагы түрк коопсуздук күчтөрүнөн бирөөнүн шейит болгону, бирөөнүн жаракат алганы билдирилди.
Өлгөн жана жарадар болгондордун ким экендиктери жөнүндө азырынча ачыктоо жасала элек.
Тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу кол салууну социалдык медиадан айыптады.
Талибан моюнга алган кол салууда жолдон өткөн бир афган да каза тапты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар