Жер Ортолук деңизге жээктеш болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү Анкарада
Гөка : «Технология адам акылын бийлебеш керек»,- деди
Жер Ортолук деңизге жээги болгон өлкөлөрдүн медиа өкүлдөрү ТРТнын жетекчилигинде Анкарада жолугушту. Италиядан Францияга, Мароккодон Алжирге чейин Жер Ортолук деңизге коңшу 8 өлкөнүн медиа башкаруучулары үчүнчү COPEAM форумунда, медиада улантууга боло турган билим берүү саясаттарын карап чыгышты. Медианын жоопкерчилиги да баса белгиленген форумда сөз сүйлөгөн ТРТнын баш директору Шенол Гөка өнүккөн технология жана медиада жайылтуунун жакшы өнүккөнүнө көңүлдөрдү бурду. Гөка технология менен бетме – бет сүйлөшүүнүн маанисин баса белгилеп : «Технология адам акылын бийлебеш керек»,- деди. COPEAMдин генералдык секретары Пьер Луижи Малезани да Жер Ортолук деңиз өлкөлөрүнүн арасында коомго жеткирүү тууралуу жол башчы ролуна басым жасаган ТРТ менен кызматташтыкка маани беришкендерин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.