Сот Фетуллах Гүлендин кармалышына өкүм чыгарды

Териштирүүнүн алкагында шектүүлөрдөн Фетуллах Гүлен жана Эмре Услунун кармалышы туурасында өкүм чыкты.

231372
Сот Фетуллах Гүлендин кармалышына өкүм чыгарды

Коопсуздук сактоочу мекемедеги «параллель түзүлүш» айтымдарына байланыштуу териштирүүнүн алкагында шектүүлөрдөн Фетуллах Гүлен жана Эмре Услунун кармалышы туурасында өкүм чыкты.
Стамбул республикалык прокурору Ирфан Фидан, Фетуллах Гүлен жана Эмре Услунун кармалышы тууралуу өкүмдүн талап жазуусунда, «Куралдуу террордук уюм түзүү жана башкаруу, Түркия Республикасынын өкмөтүн жоюу же кызматын аткаруусуна тоскоол болууга үгүттөө, мамлекеттин жашыруун маалыматтарын саясий же аскердик тыңчылык максаты менен алуу» күнөөлөрү коюлду.
Стамбулдун 3-баштапкы жаза соту да ушул себеп менен шектүүлөрдүн кармалуу өкүмүн бекитти.
Тергөө президент Режеп Таййип Эрдоган жана премьер-министр Ахмет Давутоглу да арасында орун алган 101 кишинин телефондогу сүйлөшүүлөрү чогултулганынын айтымдарын камтыйт.
Гүлен туурасында мындан мурда да башка бир операциянын алкагында «Кылмыштык уюмдун лидери» болгону айтымдары боюнча кармоо чечими чыгарылган.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар