Нами Өздил Түркияга келди

Нами Өздил рум бөлүгүнүн сүйлөшүү столуна кайтуусу үчүн иштеп жатышкандарын айтты

226219
Нами Өздил Түркияга келди

Борбор шаар Анкара Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Нами Өздилди тосуп алды. Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Нами Өздил менен Анкарада жолугушту. Жыйындан кийин Чавушоглу : «Каалообуз 2015 - жылдын Кипрде чечүүчү жолдун жылы болушу. Бул тууралуу да Түркия менен түндүк Кипр Түрк Республикасынын арасында эч кандай көз караш айырмачылыгы жок»,- деди.
Рум бөлүгүн сүйлөшүү столуна кайтып келүүсү үчүн чакыруу салган Чавушоглу бирдикте бул жылды чечүүчү жол жана сүйлөшүү жылы кылууну каалашкандарын билдирди. Чавушоглу : «Ортодо бир картина бар. Бир тарапта Аннан планын колдогон жана ушул күнгө чейинки бардык аракеттерди кабыл алган Түндүк Кипр Түрк Республикасы, бир тараптан да тилекке каршы Аннан планын кабыл албаган, сүйлөшүү столуна отурбаган Рум бөлүгү»,- деди. Түркияга берген колдоосунан улам рахмат айткан кесиптеши Нами Өздил болсо рум бөлүгүнүн сүйлөшүү столуна кайтуусу үчүн иштеп жатышкандарын айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар