Суу астында калган Куршунлу мечити рестоврацияланат

ТИКА суу астында калган мечитти рестоврациялоо чечимин чыгарды

221086
Суу астында калган Куршунлу мечити рестоврацияланат

ТИКА Албаниянын Ишкодра шаарында 20 жылдан бери кээ кээде суу астында калган мечитти рестоврациялоо чечимин чыгарды.
Турган жеринен улам катуу жамгыр жааган кезде дайыма суу астында калган тарыхый мечит көлдүн ортосуна курулгандай көрүнөт.
Албанияда коммунисттик режим мезгилинде динге тыюу салуу менен көп сандаган ыдабаткана жабылып, бир тобу кулаган. Жашап калган чыгармалардын бири болгон Куршунлу мечити да ал мезгилде сактоочу жай катары колдонулду. Коммунисттик режимдин соңуна чыгуусу менен 1990 – жылы биринчи жума намазы да өлкөдө исламдын символу катары көрсөтүлгөн Куршунлу мечитинде окулду. Мечит мезгилдин Осмон генералдарынан Бушалты Мехмет Паша тарабынан 1773 – 1774 - жылдары шаардагы бир дөңсөөдөгү Розафа чеби менен Дрин дарыясынын ортосуна курдуртулган. Куршунлу мечити Бушалты Мехмет Паша мечити деп да билинет.

 

 

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар