Саламаттыкты сактоо туризми

Саламаттыкты сактоо туризм координация кеңеши түзүлдү

213614
Саламаттыкты сактоо туризми

Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдик оорулуу потенциалы жогору болгон облустарда саламаттыкты сактоо туризминин өнүктүрүлүшү үчүн аракетке өттү. Ушул максатта саламаттыкты сактоо туризм координация кеңеши түзүлдү. Саламаттыкты сактоо туризминин координация кеңешинин түзүлгөнүнө байланыштуу премьер – министр Ахмет Давутоглу кол койгон билдирүү Расмий гезитте жарыяланды. Билдирүүгө караганда кеңеш өлкө тышынан келген оорулуулар менен саламаттыкты сактоо кызматына муктаж болгон туристтердин коомдук жана менчик саламаттыкты сактоо мекемелеринде ала турган тейлөөлөргө байланыштуу процессти координациялайт. Кеңеш үй – бүлө жана социалдык саясаттар, эмгек жана социалдык коопсуздук, маданият жана туризм менен саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар