Кипр маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат

Арынч журналисттердин суроолоруна жооп берди.

209251
Кипр маселеси боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат

Вице-премьер Бүлент Арынч кечээ өткөрүлгөн министрлер жыйынынан кийин массалык маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп берди.
Арынчка Грециянын премьер-министри Алексис Ципрастын Чыгыш Жер Ортолук деңизде сейсмикалык изилдөө жүргүзгөн «Барбарос» кемеси тууралуу айткан сөздөрү суралды.
Өздөрү сүйлөшүү үстөлүндө болгонун баса белгилеген Арынч: «Чечим табууга жетиш үчүн бул үстөлдөн натыйжа алып чыгууга чечкиндүүбүз»-деди.
Ципрастын «Барбарос Хайреттин Паша» кемесине байланыштуу сөзүнө токтолгон Арынч: «Ички саясатына карай сүйлөнгөн сөздөрүнүн себебинен айрыкча сереп салуу же сындоого муктаждыгыбыз жок»-деп айтты.
Кечээ Кипрдын Рум Бөлүгүнө барган Грециянын премьер-министри Ципрас Кипр сүйлөшүүлөрүнө кайтуулары үчүн «Барбарос» кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги иш-чараларын токтотушу керектигин айткан.
Ципрас сапары убагында кипрдык түрк жана рум жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту. Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, Ципрасты Түндүк Кипр Түрк Республикасына чакырды.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тышкы иштер министри Нами болсо Кипр маселелеринин чечилүүсү үчүн сүйлөшүү үстөлүнө отурбастан тынчтыктын орношу мүмкүн эместигин айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар