Эрдоганга «Кылымдын мамлекеттик ишмери» сыйлыгы
Эрдоган жума күнү Бурсага жасай турган сапарынын негизинде 81 облустагы румындардын өкүлдөрү менен жолугушат
Түркия румындар конфедерациясы тарабынан президент Эрдоганга «Кылымдын мамлекеттик ишмери» сыйлыгы берилет. Президент Р. Т. Эрдоган жума күнү Бурсага жасай турган сапарынын негизинде 81 облустагы румындардын өкүлдөрү менен жолугушат.
Түркия румындар конфедерациясынын төрагасы Ахмет Чокяшардын Анадолу агенттигине берген маалыматына караганда жалпы Түркиядагы румын коомдорунун өкүлдөрү чакырылган иш чарада Эрдоганга : « Чоң румын сыйлыгы – кылымдын мамлекеттик ишмери» сыйлыгы берилет. Биринчи жолу бериле турган сыйлыктын салтка айланарын айткан Чокяшар «дүйнө лидери» деп мүнөздөгөн Эрдоганга бул сыйлыкты берүүгө чечим чыгарышкандарын айтты. Президент Эрдоган 2010 - жылы 14 - март күнү Стамбулда өткөрүлгөн «Румын жолугушуусуна» да катышкан болчу.
Тектеш кабарлар
Чамлыжа мунарасын 1 миллион 800 миң киши кыдырды
Мунаранын ар башка бөлүмдөрүндө атайын күндөр да болгон бир топ иш - чаралар өткөрүлүүдө.
Министр Фидан Испанияда
Тышкы иштер министри Хакан Фидан Европа өлкөлөрүн Палестинаны мамлекет катары таанууга чакырды.