Эрдогандын Сомалидеги жолугушуулары...

Президенттин Сомали сапары убагында бир топ тармакта инвестиция келишимдерине кол коюлду.

196956
Эрдогандын Сомалидеги жолугушуулары...

Президент Режеп Таййип Эрдоган Африка сапарынын акыркы аялдамасы Сомалиде жолугушууларды өткөрдү.
Эрдоган Могадишодогу аэрпортто Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд тарабынан салтанаттуу тосулуп алынды.
Эрдоган салтанаттуу тосуп алуудан кийин түрк фирмасы салган аэропорттун жаңы терминалынын ачылышын жасады.
Президент Эрдоган Түркиянын салымдары менен салынган 200 орундуу Сомали-Түркия Билим берүү жана изилдөө ооруканасынын ачылышын да жасады.
Аны улай Эрдоган Сомалинин президенти Хасан Шейх Махмуд менен жолугушуу өткөрдү жана Түркиянын Сомалиге жардамдары улана турганын айтты.
Эрдоган Сомалидеги террордук кол салууга байланыштуу, «Түркия катары Сомалиде болгондорго унчукпай калсак, мунун жообун бере албайбыз»-деди.
Президент Эрдоган айрыкча Түркиянын Сомалиде кылган кызматтары улана бере турганын белгиледи.
Президенттин Сомали сапары убагында деңиз, транспорт, өнөр жай, спорт жана саламаттык сактоо тармактарында Сомали менен инвестиция келишимдерине кол коюлду.
Жолугушуулары аячктаган соң президент өлкөгө кайтат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар