Сомалиликтер түрк ооруканасында дарыланат
Оорукана 5 жылдык мөөнөт менен эки өлкө тарабынан биргелеше иштетилет
ТИКА тарабынан борбор шаар Могадишуда курулган 200 орундуктуу Могадишу Сомали - Түркия билим берүү жана иликтөө ооруканасынын расмий ачылышы президент Р. Т. Эрдоган жана саламаттыкты сактоо министри Мехмет Мүеззиноглу да катыша турган азем менен аткарылат.
Өткөн жылы сентябрь айынан бери оорулууларды кабыл ала баштаган оорукана ноябрь айында операцияларды баштады жана жатып дарылануучу сервис кызматка ачылды. Оорукана 5 жылдык мөөнөт менен эки өлкө тарабынан биргелеше иштетилет жана 5 жылдык мөөнөт толгондон кийин Сомалиге өткөрүлүп берилет. Ооруканада ар жыл 36 сомалилик асистенттин билим алуу программасына алынуусу максат кылынууда.
Тектеш кабарлар
Ирактын түндүгүндө 2 террорист жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлигинен маалымат берилди.