Президент Эрдогандын программасы өзгөрдү

Президент Эрдогандын бүгүн бара турган Сомали сапары 25 - январь жекшемби күнүнө жылдырылды.

195970
Президент Эрдогандын программасы өзгөрдү

Президент Р. Т. Эрдоган Сауд Арабстан королу Абдуллахтын каза болуусу менен Африка мүйүзү өлкөлөрүнө жасаган сапарларын өзгөрттү. Эрдоган жаназа зыйнатына катышуу үчүн Эфиопиядан кетип жатып көңүл айтуу жарыялады. Президент Эрдоган калкынын бейкуттук жана өнүгүүсүнө абдан чоң кызмат кылган королдун ислам ааламынын кызматташтыгы жана тилектештигин күчтөндүрүү жолунда да маанилүү салымын кошконун белгиледи. Көңүл айтуусунда эки өлкөнүн карым – катнаштарына да токтолгон президент : «Түркия катары биз, Король Абдуллах король болуп турган кезде өлкөлөрүбүздүн карым – катнаштарынын өнүктүрүлүүсү жана күчтөндүрүлүшүндө кошкон теңдеши жок салымын дайыма ыраазычылык менен эстейбиз»,- деди. Президент Сауд Арабстан королдук үй – бүлөсүнө жана калкына көңүл айтты. Эрдоган Король Абдуллахтын жаназа зыйнатына катышкандан кийин Жибутиге барат. Президент Эрдогандын бүгүн бара турган Сомали сапары 25 - январь жекшемби күнүнө жылдырылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар