Алиев Түркияга келди
Азербайжандын президенти Илхам Алиев Анкарада
Илхам Алиев Түркия - Азербайжан Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин төртүнчү жыйынына катышат. Азербайжандын президенти Илхам Алиевди аэропортто азык - түлүк жана айыл - чарба министри Мехди Экер тосуп алды. Алиев премьер - министр Ахмет Давутоглу менен жолугушкандан кийин эртең президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушат. Алиев президенттик сарайында расмий азем менен тосулуп алынат.
Сапардын негизинде президент Эрдоган жана Илхам Алиевдин жетекчилигинде Түркия - Азербайжан Жогорку Деңгээлдеги Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин жыйыны өткөрүлөт.
Президенттиктен жасалган маалыматта; жыйындын эки өлкөнүн ортосундагы карым - катнаштардын жана кызматташтыктын кенен түрдө каралуусуна, дагы да алдыга жылдырылуусуна мүмкүнчүлүк түзөрү да баса белгиленди.
Сүйлөшүүлөрдө айрыкча эки өлкөнү кызыктырган аймактык жана эл аралык абалдардын да каралары белгиленди.