Президент Эрдоган Нигерияга көңүл айтты

Телефондогу сүйлөшүүдө терроризмге каршы кызматташуу тууралуу сөз болду.

182141
Президент Эрдоган Нигерияга көңүл айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Нигерияга көңүл айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Нигериянын Борно провинциясында көп сандаган адам каза тапкан террордук кол салууга байланыштуу Нигериянын президенти Гудлак Эбеле Жонатан менен телефон акрылуу байланыш курду.
Президент Эрдоган жырткычтай кол салууну айыптап, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана дос Нигерия калкына көңүл айтты. Жаралуулардын тез арада сакайып кетишин тиледи.
Эрдоган Нигериялык кесиптешине Түркиянын террор менен күрөшүү темасында ар түрдүү жардам жана күрөшкө даяр болгонун айтты.
Эки тараптуу карым-катнаштарга да токтолгон сүйлөшүүдө Нигериянын президенти Жонатандын да Эрдоганга ыраазычылыгын билдирип, террор менен күрөшүү багытында кызматташтык кылууга даяр экендиктерин сөз кылганы белгиленди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар