Президент Эрдоган көңүл айтты

Олланд да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу Түркия менен бирдей пикрде экендерин да сөздөрүнө кошту.

179856
Президент Эрдоган көңүл айтты

Президент Р. Т. Эрдоган Франциянын президенти Франсуа Олландга телефон чалып Париждеги кол салуудан улам каза болгондор үчүн көңүл айтты.
Президенттик булактардан алынган маалыматтарга караганда президент Эрдоган сүйлөшүүдө Түркиянын Франция менен терроризм менен күрөшүү тууралуу кызматташтыктарга даяр экенин баса белгиледи.
Мындай кол салуулардын террор менен күрөшүү тууралуу чечкиндүүлүктү күчтөндүрүү керектигин ортого чыгарганын айткан Эрдоган Париждеги кол салууда каза болгондордун үй – бүлөлөрү менен жакындары башта болуп Франция калкына көңүл айтты.
Франциянын президенти Олланд да Эрдоганга рахматын билдирип : «Түркиянын биздин жаныбызда экенин билебиз»,- деди.
Террористтердин ислам тууралуу баш – аламандык жаратып Францияда коомдун тынчтыгын бузууну максат кылганын белгилеген Олланд террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу Түркия менен бирдей пикрде экендерин да сөздөрүнө кошту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар