Түрк аба жолдору айрым каттамдарды жойду

Ыңгайсыз аба шарттары аба каттамдарына терс таасирин тийгизди.

177158
Түрк аба жолдору айрым каттамдарды жойду


Түрк аба жолдору ички жана тышкы каттамдарда бүгүн жүргүзүлө турган 54 каттамды эки тараптуу түрдө жойду.
Ички каттамдардын арасында "Сабиха Гөкчен" жана "Ататүрк" аэропортторунан Анкара, Конья, Кайсери, Адана, Денизли, Элазыг, Малатия, Эрзинжан, Мардин, Газипаша, Измир жана Невшехир каттамдары бар.
"Сабиха Гөкчен" аэропортунан Трабзонго бара турган эки учактын учуусу да токтотулду.
Тышкы каттамдарда болсо "Ататүрк" аэропортунан Брюссель, Тбилиси, Будапешт, Салоники, Приштина, Скопье жана Ашхабадга жүргүзүлө турган каттамдар жоюлду.
Түрк аба жолдору Тель-Авивден Стамбулга жүргүзүлө турган 2 каттам менен Париж жана Венадан Стамбулга каттамдардын да токтотулганын билдирди.
Бул учурда "Ататүрк" аэропортунда кар жана сууктан учуу тилкелери тоңбош үчүн чаралар көрүлдү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар